icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Байтик айылындагы мектеп жана спорт комплекс 1-сентябрда ачылат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жайгашкан А.Сүйүмбаев атындагы мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери жана спорт комплекстин курулушу аяктап калды.
Мектеп толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаңыланды.
Мындан сырткары, мектепке жалпы аянты 783 чарчы метрди түзгөн заманбап спорт комплекс курулду. Объекттин тендердик баасы 43,7 миллион сомду түзөт.
Мектеп жана спорт комплекс жаңы окуу жылдын башталышы менен окуучуларга каалгасын ачууга даяр.