icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси заманбап талаптар менен жаңыланууда

Нарын шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси толук жаңыланууда. Жалпы аянты 5820 чарчы метрди түзгөн комплекс союз учурунда курулуп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталып, бүгүнкү күндө аяктоо алдында турат.

Компекстин башкы планы боюнча  1312  чарчы метрди түзгөн спорт зал, оюнчулардын  эс алуу бөлмөсү, машыктыруучунун кабинети жана машыгуу залдары бар. 

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш дептраментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.