Бүгүн, 22-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Талас облусуна барды.
Иш сапардын алкагында социалдык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Курулуш министри Айтматов районунун Чымкент айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушуна барып, иштин жүрүшү менен таанышып, сапатын көзөмөлдөдү. Курулуш иштерин күчөтүү максатында “Ника КГ” ЖЧКсына 15 күндүн ичинде жумушчулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.
Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин бөлүнгөн каражаттын эсебинен башталган. Эки кабаттан турган, заманбап талаптарга жооп берген бала бакчанын жалпы аянты 667 чарчы метрди түзөт.