Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында жайгашкан Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Улуттук комплекстин реконструкция иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйү жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Реконструкциянын алкагында комплекстин аянты кеңейтилет.
Эске салсак, Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси соңку 30 жыл ичинде ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Реконструкциянын максаты имараттарды оңдоп-түзөө эмес, “Манас Ордо” комплексин Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жана технологиялык борборго айлантуу.