icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас шаарында курулуп жаткан 5000 орундуу стадион

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарындагы жаңы стадиондун курулушу менен таанышты. 

5000 көрүүчүгө ылайыкталган стадион эл аралык стандарттарга толук жооп берет жана жалпы аянты 6,7 гектар жерди түзөт. Долбоорго ылайык үч кабаттуу административдик имарат курулуп, гибриддик газон менен футбол талаасы, 8 тилкелүү чуркоо жолу жана жарыктандыруу системасы орнотулат. Ошондой эле, стадиондун айланасына транспорттук көмөкчордон, 180 орундуу унаа токторуучу жай, атайын машыгуу талаасы жана көрктөндүрүү иштери каралган.  Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.