icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Кең-Арал айылында курулуп жаткан 140 орундуу бала бакча

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштеринин журүшү менен таанышты. 

Бала бакчанын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштерин “Азия ИнвестСтрой” ЖЧКсы аткарууда. 

Долбоор ыйлайык, эки кабаттуу 140 орунга ылайыкталган заманбап имарат курулат.