icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлигинде кадрдык өзгөрүү болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешовичтин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 24-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулуштагы сертификациялоо республикалык борборунун директору болуп Чыңгызбек Токтогараев дайындалды. Буга чейин бул кызматты Кубанычбек Кожобеков ээлеген. 

Курулуш министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев Курулуштагы сертификациялоо республикалык борборунун жамаатына жаңы директорду тааныштырды.

Дайындоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18-беренесине ылайык жана Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык жүргүзүлдү.