icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Эскиздик долбоор деген эмне? Ал эмне үчүн керек?

Эскиздик долбоордун негизги максаты-иретсиз, ар кандай багытта  жана ар түрдүү    курулган жеңил типтеги объектилерди бириктирүү. Алгач, алардын бийиктигин бир горизонталдык огуна алып келүү, жалпы парапет менен бириктирүү, фасад бөлүгүнүн жасалгасы үчүн  бирдей түскө келтирүү, бирдиктүү колористикалык чечим кабыл алуу. Маалыматтык такталарга келсек, алар белгиленген өлчөмдө, дизайн-кодго ылайык жана белгилүү бир бийиктикте болушу шарт. Бардык талаптар жана эрежелер эскиздик долбоордо көрсөтүлгөндөй, павильондордун эшиктери бирдей болушу зарыл. 

Кошумча суроолор боюнча  (0312) 312 990 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот же Ж.Турусбеков көчөсү, 31, 5 -кабат, 511-кабинетке кабыл алуу күндөрү келсеңиз болот. 

Ошондой эле, "Бирдиктүү терезе" долбоордук-консультациялык кызмат көрсөтүү борборуна белгиленген тартипте кайрылсаңыз болот.