icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫГЫП КЕТКЕН ОБЪЕКТИЛЕР БУЗДУРУЛУУДА

Кыргыз Республикасынын Курлуш, архитектура жана турак жай-комуналдык чарба министирлигене караштуу  Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ала-Бука райондук шаар куруу жана архитектура  башкармалыгы, Ала-Бука айыл өкмөтү менен биргеликте КР Президентинин 2023-жылдын 14 - мартындагы №56 Жарлыгынын негизинде, 2014-2035 жылдарга даярдалган башкы планга дал келбеген Ала-Бука айылынын Т. Сартманбетов жана С. Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун кызыл сызыгынан чыгып кеткен курулуштар аныкталып, түшүндүрүү иштердин алкагында 11 имарат буздурулууда.