icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Мектеп, маданият үйү бир нече жылдан кийин жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусундагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан социалдык объекттерди текшерди.
Алсак, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы 1072 орундуу мектептин капиталдык оңдоо иштери үстүбүздөгү жылы башталган. Бүгүнкү күндө аткарылган иштер 67 пайызды түзөт.
Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы курулуп андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.
Мындан сырткары, Курулуш министри Айтматов районунун Жоон-Дөбө айылындагы Т.Жумакулов атындагы маданият үйүнүн капиталдык оңдоо иштерине барды. Маданият үйү заманбап талаптарга жооп берген шартта жаңыланууда. Учурда жумуштун 62 пайызы аткарылды.
Оңдоо иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.