Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу 1-Май айылына курулуп жаткан мектептин иштери менен таанышты.
Долбоорду ишке ашыруу 2020-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Учурда курулуш 47 пайызга бүткөрүлдү.
Жалпы аянты 1974 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залы болот. Ошондой эле, заманбап талаптарга жооп берген негизги окуу класстар, жыйындар залы, лаборатория, компьютердик класс жана дарыгердин бөлмөсү каралган.
Объекттин курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.