Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан Нарын шаарына В.Чкалов атындагы 500 орундуу мектеп курулууда. Долбоор 2023-жылдан бери ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет.
Жаңы мектеп “Г” формасында курулуп, заманбап үч кабатуу окуу корпус, өтмө галерея, жыйындар залы жана спорт залдан турат.
Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери 59 пайызга аткарылды.