icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Техникалык кеңешме долбоордун бир бөлүгүн кайра иштеп чыгууга жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Курулуш Министирлигине караштуу Шаар курулуш жана архитектура департаментинин, Бишкек шаар куруу жана архитектура  башкы башкармалыгынын жыйындар залында кезектеги техникалык кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге начальниктин орун басарлары Назгуль Койбагарова, Исмаил Мирбек уулу, ошондой эле жол-транспортту өнүктүрүү, долбоорлорду макулдашуу бөлүмү, инженердик-техникалык  шарттар, шаар куруу корутундулары бөлүмүнүн жетекчилери, кызматкерлери жана башка бөлүмдөрдүн адистери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн долбоорлор каралды. Көрсөтүлгөн иштердин бир бөлүгү курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык келбегендигине байланыштуу, кайра иштеп чыгууга кайтарылды.

Башкармалыктагы техникалык кеңешме бекитилген тартипке ылайык, курулуш объектилерин долбоорлоо максатында документтерди кароо жана берүү боюнча үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.