Кыргыз
Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай, коммуналдык чарба министри
Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен, “Эмаком” компаниясы тарабынан курулуп жаткан
объектилер текшерилди.
Мамлекеттик
архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан
Суракматов Бишкек шаарынын Арча-Бешик/Муромская дарегинде жайгашкан "Солнечный"
турак жай комплексиндеги курулуш иштерин жеринен текшерди.
Учурда аталган
компаниянын А блогунда ички жана сырткы курулуш-монтаждоо, лифт орнотуу иштери аткарылып
жатат. Ал эми Б блогунун 6-кабатында кыш орнотуу иштери жүрүп 15 жумушчу иш
алып барып жатат.
Эске салсак, Курулуш министрлиги тарабынан аталган компанияга эскертүү берилип, учурда курулуш иштери көзөмөлдө.