Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы ачылды.
Өлкө аймагындагы курулуштардын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, курулуш объектилеринин сапаты биринчи орунда болушу шарт. Мындан улам, Курулуш министрлиги курулуш иштеринин маселесин жеринен ыкчам чечүү, текшерүү, көзөмөлдөө максатында бул ирет Чолпон-Ата шаарына сыноо лабораториясын ачып, пайдаланууга берди.
Жаңы ачылган лабораторияда тиешелүү жабдуулар, адистер үчүн бардык шарттар жана көчмө курулуш лаборатория машинасы каралган.
Мындан ары Ысык-Көл облусу боюнча курулуш иштеринин сапатын текшерүүдө, оперативдүү сыноо иштери жүргүзүлөт.