Кыргыз
Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш
жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Москва шаарында
(РФ) квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, сейсмикалык коопсуздукка
багытталган технологиялар менен таанышып кайтты.
Сапардын алкагында адистер Өзгөчө кырдаалдарды изилдөө
борборунда окуп, “ZETLAB” жана “Горизонт” заводдорунун өндүрүштүк жайларындагы
заманбап сейсмодатчиктер, мониторинг системалары, динамикалык сыноолор жана
имараттардын туруктуулугун баалоо боюнча маалыматтарга ээ болуп, жабдууларды
иште пайдалануу заралдыгы эске алынды
Институт аталган жабдууларды улуттук
мониторинг жана инженердик изилдөөлөр системасына киргизүүнү пландаштырууда.
Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги адистердин
квалификациясын жогорулатууда дал ушундай окууларды ар дайым уюштуруп келет.