icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Ак-Тал айылында жаңы мектеп жана бала бакча курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында бир катар социалдык объекттер курулууда. Быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.
Айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 90 орундуу заманбап бала бакча курулууда. Долбоорду ишке ашыруу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Учурда курулуш-монтаждоо иштери кызуу уланууда.

Ошондой эле, А.Турдакунов атындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады. Курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залдан турат.