icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Профсоюз көчөсүн көрктөндүрүү боюнча долбоор иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери тарабынан борбор шаардагы Профсоюз көчөсүнүн Патрис Лумумбадан Каракум көчөсүнө чейинки жөө адамдар жүрүүчү аймагын көрктөндүрүү боюнча долбоор иштелип чыкты.

Долбоор жөө адамдардын негизги кыймыл багыттарына ылайык тротуар курууну  камтыйт. Ошондой эле шаар тургундарынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу, абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын чектеш турак жайларга тийгизген терс таасирин азайтуу максатында аймакты комплекстүү жашылдандыруу каралган.

Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

•             кичи архитектуралык формаларды орнотуу (отургучтар, таштанды челектер, чырактар);

•             аймакты жашылдандыруу (ийне жана жазы жалбырактуу дарактарды, ошондой эле декоративдик бадалдарды отургузуу);

•             жашыл аянттарды сугаруу үчүн сугат тутумун орнотуу.