icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад шаарындагы борбордук поликлиниканын курулушу аяктап калды

Жалал-Абад шаарындагы №1 борбордук поликлиниканын курулуш-монтаждоо иштери аяктап калды. Долбоор 2022-жылдан бери ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. 

Башкы план боюнча заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу поликлиника курулат. Жалпы аянты 2199 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери “Дамак Строй” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Иштин жүрүшүн Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөөдө.