icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Корумду айылындагы жолдун сапаты текшерилип, эскертүү берилди

2025-жылдын 29-июлунда Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Корумду айылынын У.Мамбеталиев көчөсүндө жасалып жаткан жолдун сапаты боюнча текшерүү жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында башкармалык тарабынан №7 Жол тейлөө ишканасына, "УКС Групп Юг" ЖЧКна 200 метр аралыкка төшөлгөн асфальтты сыйрып, кайрадан долбоорго ылайыктап жасоо жана тратуардын чөккөн бөлүктөрүн алуу, арык табактарын (лоток) жана суу агымынын күчүн азайтуучу тосмолорду орнотуп кайрадан жасоо тапшырмасы коюлду. Ошондой эле Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан жазуу түрүндө эскертме берилди.