Кыргыз Республикасынын
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан
Орунтаевдин тапшырмасы менен Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик
долбоорлоо мамлекеттик институтунун (ГИССИП) адистери тарабынан “Достук” кичи
районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үй инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү.
Текшерүү көп кабаттуу
үйдүн техникалык абалын билүү максатында "Стрела-П" мобилдик
диагностикалык комплексин колдонуу менен жүргүзүлдү. Бул техника имаратка
залакасы тийбей андагы жашыруун конструктивдик кемчиликтерин жана бузулууларын
аныктоого шарт түзөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы
боюнча тиешелүү тыянактар жана сунуштар менен техникалык корутунду даярдалат.