Бүгүн, борбор калаада Кыргызстандагы Курулуш боюнча биринчи мамлекеттик органдын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана куруучулар күнүнө карата форум өттү.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өз сөзүндө, курулуш тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, өлкө аймагында олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын жана курулуш агенттиги министрлик болуп бекитилгендигин сыймыктануу менен белгиледи.
Ошондой эле, министр Курулуш тармагындагы ардагерлердин жана компаниялардын өлкөбүздүн курулушуна кошкон салымы зор экендигин билдирип, бизнес коомчулугундагы бир катар ишкерлерге “Курулуш министрлигинин 100 жылдык” төш белгисин жана ардак граммотасын тапшырды.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы токтому менен 2-август-Куруучулардын кесиптик майрамы катары жыл сайын белгиленет.