icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстанга Өзбекстандын Курулуш министри Шерзод Хидоятов келди

Бүгүн, 2025-жылдын 31-июлунда Курулуш боюнча биринчи мамлекеттик органдын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Өзбекстан Республикасынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов баштаган делегация Кыргызстанга келди. 

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев делегация менен министрликтин имаратында  жолукту.

Иш сапардын алкагында Курулуш министри Нурдан Орунтаев Өзбекстандан келген делегацияга борбор калаадагы курулуш объектилерин тааныштырып, эки тараптуу курулуш жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чара 1-августта өтөт.