Бүгүн, 1-август күнү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 100 жылдык салтанаттуу мааракеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленди. Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана иш чаранын кадырлуу коногу - Өзбекстандын Курулуш министри Шерзод Хидоятов катышты.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, бул маанилүү дата өлкөнүн курулуш тармагындагы тарыхый жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги максаттарын дагы бир жолу белгилөө экенин билдирди.
Мындан сырткары курулуш тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин алкоо сыйлыгы менен Министрликтин бир катар кызматкерлери сыйланды.
Курулуш министрлиги 1925-жылы негизделип өлкөнүн өнүгүүсүндө жана инфратүзүмүнүн түптөлүшүндө чоң мааниге ээ. 100 жылдык тарыхында Курулуш тармагы көптөгөн реформалардан өтүп, заманбап курулуш технологияларын жана шаардык пландоонун жаңы принциптерин ишке ашыра алды. Белгилей кетсек, акыркы үч жыл аралыгында курулуш тармагы чоң жетишкендикке жетип, өнүгүүнүн бийик этабына чыга алды. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында курулуш иштери кызуу уланып, жүздөгөн социалдык жана стратегиялык объекттер салынууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш көргөзмөсү уюштурулуп, салтанаттуу концерттик программа коштоду.