icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Адылбек Касымалиев Курулуш министрлигинин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 1-августта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Курулуш архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 100 жылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Курулуш тармагы өлкөнүн туруктуу экономикалык жактан өсүшүнүн кыймылдаткычы экенин белгилеп, куттуктоо сөзүн сүйлөдү: “2024-жылы курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8%дан ашып, экономиканын бардык тармактарынын ичинен 4-орунду ээледи. 2021-жылдан бери мамлекет курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция салды – бул рекорддук сумма. Акыркы 5 жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушун бүттү. 2024-жылы тармактын өсүшү 31,1%ды түздү, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында курулуштун өсүү темпи 142,5% түздү”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Куруучу — бул колу менен келечекти жараткан адам экенин айтып, куттуктады: “Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн! 1925-жылдын 2-августунда Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин Президиумунун чечими менен Кыргыз мамлекеттик курулуш конторасы түзүлгөн. Чоң сыймык жана терең урматтоо менен Кыргыз Республикасынын биринчи мамлекеттик курулуш органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бул – кылымдык жол, мээнет менен коштолгон тарых, жетишкендиктердин, жаратмандыктын жана кесибине берилгендиктин символу” деди министр.

Куттуктоо сөзү айтылгандан кийин курулуш тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин, КР Жогорку Кеңешинин жана Курулуш министрлигинин Ардак грамоталары тапшырылды