icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш ардагерлери сыйланды

Бүгүн, 1-августта Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин 100 жылдыгына жана 2-август-Кыргыз Республикасынын Куруучу күнү – кесиптик майрамына карата курулуш тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ардагерлер жана бир катар кызматкерлер сыйланды.
Иш-чарага Курулуш министри, Бишкек шаарынын мэри, Куруучулар союузунун төрагасы, Мамкурулуштун мурдагы жетекчилери жана министрликтин түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле Өзбекстандын Курулуш министри катышты. Министр Нурдан Орунтаев курулуш тармагына өмүрүн арнаган ардагерлерди министрликтин жаңы ачылган жыйындар залында сыйлады. Ошондой эле министр ардагерлерге иштеп кеткен жери азыр капиталдык оңдоодон өткөнүн билдирип, учурдагы абалы менен тааныштырды.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси менен тармактын ардагерлери сыйланды. Ошондой эле кызматкерлерге Курулуш министрлигинин “Ардактуу куруучусу”, “Ардактуу архитектору”, “100 жылдык юбилейлик медалы” жана ардак грамота, ыраазычылык каттары тапшырылды.
Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Куруучулар союузунун төрагасы Чолпонбек Акматов тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, Курулуш министрине жана кызматкерлерге алкоо сыйлыктары тапшырылды.