icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй облусу: Москва району дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

2023-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй облусундагы башкармалыгынын алдындагы Москва районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы убактылуу объектилердин (павильондордун, киосктордун) жана курулмаларынын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө дизайн-код иштеп чыгып, бекиткен.

Белгилей кетсек, Коддун дизайнын иштеп чыгууда Чүй облусунун (Сары-Өзөн) желегинин түсү колдонулган жана 2025-жылдын 29-июлунда бекитилген дизайн-код менен паспорттоштурулган.