Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан Жалал-Абад шаарында заманбап талаптарга жооп берген саламаттык сактоо борбору курулууда.
Жалпы аянты 2300 чарчы метрди түзгөн борбор жер төлөсү менен курулуп, үч кабатту имараттан турат. Аталган борбор заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, ыкчам операция жасоо бөлүмөсү, реанимация бөлүмү, ординатория жана 3 койкалуу полаталар каралган.
Долбоорду ишке ашыруу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери 93 пайызга аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.