icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлигинин коллегиялык жыйыны өттү

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Курулуш,архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Курулуш министри Нурдан Орунтаев, министрдин орун басарлары ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын,облустук башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери жана бөлүм башчылары катышты.

Жыйында өлкөнүн курулуш тармагындагы негизги жетишкендиктер,алты ай аралыгында аткарылган иштер жана алардын сандык, сапаттык көрсөткүчтөрү, эл аралык кызматташуунун жыйынтыктары жана иштелип чыккандолбоорлор боюнча баяндамалар жасалды. Коллегиялык жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар бардык кызыктырган суроолоруна жооп алып, көтөрүлгөн маселелер талкууланды.

Коллегиянын соңунда жетекчилерге алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы коюлду.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 11-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилип Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлгөн.