2025-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул башкы план. Алты ай аралыгында 59 калктуу конуштун башкы планы иштелип чыгып бекитилген, алардын ичинен:
1 Нарын облусу боюнча 7 калктуу конуш
2 Баткен облусу боюнча 12 калктуу конуш
3 Ош
облусу боюнча 19 калктуу конуш
4 Талас
облусу боюнча 5 калктуу конуш
5 Ыссык-Көл
облусунда 11 калктуу конуш
6 Чүй облусу боюнча 5 калктуу конуш
Мындан сырткары, 83 калктуу конуштун башкы планы иштелүүдө. Ушул жылдын аягына чейин бардыгы болуп 142 конуштун башкы планы даярдалышы күтүлүүдө, бул шаардык жана айылдык аймактардын өнүгүүсүнө олуттуу чоң салым кошот.