2025-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз
Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министрлиги тарабынан 1452 квалификациялык сертификат берилди. Ал эми берилген
лицензиялардын саны 297.
Ар кандай
курулуш нормаларын бузган жана эрежелерин сактабагандыгы үчүн 23 лицензия
токтотулган, бул куруучулар тарабынан лицензиялык талаптарды сактоо
чөйрөсүндөгү иштин кызуу жүрүп жатканын көрсөтүп турат.
Ошентип, 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында 13
сертификат кайтарылып алынган жана 249 лицензия жокко чыгарылган.
Белгилей кетсек, квалификациялык
сертификатка ээ болууну каалаган жарандар үчүн онлайн тестирлөө сервиси иштелип
чыккан.