2025-жылдын
биринчи жарымындареспубликалык сертификаттоо борбору тарабынан Ысык-Көл
облусунун Чолпон-Ата шаарында курулуш лабораториясы ачылды. Ошондой эле борбор
керектүү жабдууларменен толук жабдылган жаңы мобилдик көчмө лаборатория алды.
Отчеттук
мезгилде 13 738 курулуш материал, буюм жана конструкцияларга сыноо жүргүзүлдү.
Натыйжада1543 шайкештик сертификаты берилип, 42 учурда сертификаттоодон баш тартылган. Берилген сертификаттардын көрсөткүчү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2% көбөйгөн.