Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Суу айылындагы курулушу көп жылдан бери бүтпөй келген Айтбаев атындагы мектепти жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Долбоор боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч блоктон турат; эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт зал. Жалпы аянты 948 чарчы метрди түзөт.
Мектептин эски имараты 1976-жылы курулган, андан бери капиталдык оңдоодон өтпөй авариялык абалга келип калган.