icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Алты ай аралыгында аткарылган иштер: Мамлекеттик реестрге 3060 курулуш объектиси катталды

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык мамлекеттик реестрге жалпы 3060 курулуш объектиси катталды, анын ичинен:

Капиталдык объектилер – 2570;

Кичи объектилер – 490.

Контролдоо иш-чараларынын алкагында 867 текшерүү жүргүзүлүп, анын 59 пландуу, 547 пландан тышкаркы, 261 контролдук текшерүү болуп эсептелет.
Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында 528 эскертме берилген жана 1152 укук бузуулар боюнча административдик протокол түзүлүп, 59 млн сом өлчөмүндө айып пул салынган. Анын ичинен республикалык бюджетке 36,6 млн. сом өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 72,7%га жогорулаган.

Андан тышкары, республика боюнча 290 объект пайдаланууга кабыл алынып, анын ичинен 186 капиталдык жана 104 кичи курулуштар болгон.

Уруксатсыз 108 курулуш аныкталып (53 турак жай курулуш, 55 ар кандай типтеги объекттер), аларга каршы чаралар көрүлүп жатат.