icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Алты ай аралыгында аткарылган иштер: Санариптештирүү

2025-жылдын жарым жылдыгында:

- Курулуш тармагында адистерди тестирлөө жана сертификациярлоо үчүн онлайн тестирлөө системасы ишке киргизилди;

- Шаар куруу кадастрынын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырма даярдалып, Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен тендер жарыяланды;

- Курулуш тармагына BIM-технологияларын киргизүү боюнча этап-этабы менен аткарылуучу иш планын жана концепциянын долбоору иштелип чыгып министрликтерге макулдашууга жөнөтүлдү;

-Курулуш тармагындагы курулуш материалдарынын сапатына тийиштүү корутунду берүү процессин санариптештирүү максатында система ишке киргизилип, сыноо режиминде иштеп баштады;

- Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жыл башынан санариптештирүүгө өткөрүлдү;

-Сейсмика жаатындагы процесттерди башкаруу үчүн автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыгып, учурда сыноо режиминде иштеп баштады.