icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Алты ай аралыгында аткарылган иштер: 752 документке долбоордук техникалык экспертиза жүргүзүлдү

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик экспертиза департаментине долбоордук-сметалык документтердин сапатын жана мыйзам ченемдерге шайкештигин тастыктоо боюнча жалпы 947 долбоордук документ келип түшүп, аларга кылдат талдоо жүргүзүлдү.

Алардын ичинен 752 документ боюнча долбоордук техникалык экспертиза ийгиликтүү аяктап, тиешелүү корутундулар берилди. Калган 195 долбоор учурда терең каралууда. Бул аракеттер курулуш иштери үчүн сапаттуу негиз түзүүгө багытталган.

Быйыл белгилей кетчү нерсе - жыл башынан тарта экспертизага келип түшкөн бардык документтер толугу менен санариптештирилип, учурда алар электрондук портал аркылуу гана кабыл алынууда. Корутундулар да электрондук түрдө берилип жатат.

Мамлекеттик экспертиза департаментинин кирешеси 2024-жылдын алты айында 155 063 458,36  миллион сомду түзгөн. Ал эми 2025-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 6,3 пайызга өсүп, 164 859 320,46  миллион сомго жетти.