5-августта Кыргыз Республикасынын Курулуш,архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Курулуш министри Нурдан Орунтаев, министрдин орун басарлары ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын,облустук башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери жана бөлүм башчылары катышты.
Жыйында
өлкөнүн курулуш тармагындагы негизги жетишкендиктер,алты ай аралыгында
аткарылган иштер жана алардын сандык, сапаттык көрсөткүчтөрү, эл аралык
кызматташуунун жыйынтыктары жана иштелип чыккандолбоорлор боюнча баяндамалар
жасалды. Коллегиялык жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар бардык
кызыктырган суроолоруна жооп алып, көтөрүлгөн маселелер талкууланды.
2025-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштер:
-32 социалдык объектинин курулуш иштери аяктады
-59 калктуу конуштун башкы планы иштелип чыкты
-1452 квалификациялык сертификат жана 297 лицензия берилди
-23 Курулуш компания кара тизмеге киргизилди
-Мамлекеттик реестрге 3060 курулуш объектиси катталды
- “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан 43 объектинин курулуш иштери
бүткөрүлдү
-752 документке долбоордук техникалык экспертиза жүргүзүлдү
-Курулуш материалдары боюнча 1543 шайкештик сертификаты берилди
-Эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында 31 иш-чара өткөрүлдү
-Эки ири инвестициялык келишимге кол коюлду
-Курулуш тармагында адистерди тестирлөө жана сертификациялоо үчүн онлайн
тестирлөө системасы ишке киргизилди;
-Курулуш тармагындагы курулуш материалдарынын сапатына тийиштүү корутунду
берүү процессин санариптештирүү максатында система ишке киргизилип, сыноо
режиминде иштеп баштады;
-Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жыл башынан
санариптештирүүгө өткөрүлдү;
-Сейсмика
жаатындагы процесттерди башкаруу үчүн автоматташтырылган маалымат системасы
иштелип чыгып, учурда сыноо режиминде иштеп баштады.
Коллегиянын
соңунда жетекчилерге алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу
тапшырмасы коюлду.
Белгилей
кетсек, ушул жылдын 11-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык,
министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилип Архитектура,
курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында
Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлгөн.