Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында 400 көрүүчүгө ылайыкталган жаңы маданият үйү курулду. Объекттин курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 56 миллион сомду түздү.
Жалпы аянты 857 чарчы метрди түзгөн жаңы маданият үйү заманбап талаптарга жооп берген техникалык жабдуулар менен камсыздалды. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.