Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миң-Өрүк айылындагы Н.Алыкулов атындагы мектеп окуу жылдын башталышы менен пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Жаңы мектеп 750 орунга ылайыкталып А,Б,В,Г блоктон турат. Долбоор боюнча үч кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, лабораториялар, компьютердик класс, азык-түлүк сактоочу жайы бар ашкана, жыйындар залы, дарыгердин кабинети жана спорт зал каралган. Жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзөт.
Мектеп жаштардын билим алуусу жана жалпы коомдун социалдык өнүгүүсү үчүн маанилүү объект болуп саналат.
Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулган.