Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 5-августунан тарта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Нарын региондук башкармалыгынын башчысы болуп Самат Тиллебаев дайындалды.
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов Нарын шаарына барып, жаңы дайындалган региондук башкармалыктын жетекчисин жамаатка расмий түрдө тааныштырды.