Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулуштагы сертификаттоо боюнча республикалык борбор курулуш материалдарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин улантууда.
Сертификат берүүдөн мурда ар бир материал-бетон, кирпич, топурак, шагыл жана башка компоненттер-атайын лабораториялык сыноодон өткөрүлөт. Сыноо учурунда материалдардын жогорку жана төмөнкү температурага, ошондой эле жогорку нымдуулукка туруктуулугу текшерилет.
Бардык талаптарга жооп берген материалдар гана курулушта колдонууга уруксат алат. Ал эми стандарттарга жооп бербеген материалдарга-сертификат берилбейт.
Сертификаттоо
системасы курула турган объектилердин бекемдигин жана узак мөөнөттүү
колдонулушун камсыз кылууга, ошондой эле курулуш аянттарында сапатсыз
продукциянын колдонулушуна жол бербөөгө көмөктөшөт.