icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Ылай-Талаа айылында жаңы мектеп курула баштады

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылындагы Т.Назаров атындагы мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен башталды.
Долбоор боюнча мектеп 150 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залы менен курулат. Мындан тышкары сырткы кичи футбол талаасы жана волейбол, баскетбол аянтчалары да каралган.
Мектептин жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курлуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнөт.