Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан пландуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Иш-чаранын алкагында Баялинов көчөсү, 95 дарегиндеги мыйзамсыз курулган кошумча курулуш аныкталып, мыйзам чегинде демонтаждоо чечими кабыл алынды.
Курулуш,
архитектура жана турак-жай, коммуналдык чарба министрлиги жеке жана юридикалык
жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана курулуш ченемдерине ылайык иш
алып барууга чакырат. Мыйзам талаптарын сактабаган учурда тиешелүү чаралар
көрүлөрүн эскертет.