icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга айып пул салынды

2025-жылдын 7-августунда Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан борбор калаадагы Мичурин көчөсү, 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайда мыйзам бузуулар аныкталып, "Стальмонтаж плюс" ЖЧКсына карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш ченемдеринин, коопсуздук эрежелердин жана мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 35 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйрук берилди.

Башкармалык белгиленген мөөнөттө эскертүү аткарылбаса, мыйзамга ылайык кошумча административдик чаралар көрүлөрүн эскертет.

Бүгүнкү күндө Курулуш министрлиги тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан  объектилер көзөмөлгө алынып, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.