Курулуш министрлигинин шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын долбоорлорду макулдашуу бөлүмүнүн адистери 2025-жылдын январь айынан июль айына чейин борбор калаа боюнча 1643 долбоорду карап чыгып, макулдашты.
Алты ай аралыгында жалпы 1898 долбоор келип түшкөн, анын
ичинен 286 долбоор кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлгөн.
Макулдашылган долбоорлордун арасында:
Жеке турак жай курулушу-1076;
Дүкөндөр-148;
Көп кабаттуу үйлөр-51;
Мектептер (аларга кошумча курулуштар)-20;
Ооруканалар-8;
Бала бакчалар-4;
Өндүрүштүк имараттар-10;
Ар кандай иштер (Кошумча курулуштар, парктар, скверлер, жолдор, көпүрөлөр, аялдамалар, уюлдук байланыш антенналары, автоунаа токтоочу жайлар ж.б.)-326.
Белгилей кетсек, макулдашылган долбоорлордун саны өткөн
жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү.