Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунда курулуп жаткан Н. Алыкулов атындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектебине барды.
Жалпы 750 орундуу мектепти курууга республикалык бюджеттен 451 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Курулуш иштеринин 85%зы аяктап калган мектепте учурда ички бөлмөлөр, спорт залынын полу, актоо-сырдоо иштери аткарылууда.
Иштин жүрүшүн
жеринде көрүп чыккан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына
өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө
бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.