icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Документтерди онлайн кабыл алуучу электрондук дарегибиз жаңыртылды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2025-жылдан тартып лицензия жана квалификациялык сертификаттарды алуу максатындагы документтерге онлайн режимде табыштама берүү тартибин киргизген.

Бүгүнкү күндө министрликтин электрондук даректери жаңыртылып, эми документтерди төмөнкү даректер аркылуу жөнөтсөңүздөр болот:

Лицензия алуу боюнча: license.minstroy@mail.gov.kg

Квалификациялык сертификациялоо боюнча: certification.minstroy@mail.gov.kg

Документтерди жөнөтүү үчүн Курулуш министрлигинин расмий сайтына кириңиз. Башкы беттен “Онлайн лицензиялоо” жана “Онлайн режиминде сертификат алуу” бөлүмүн тандаңыз. Ал жерден талап кылынган документтердин тизмеси менен таанышып чыгып, көрсөтүлгөн электрондук дарек аркылуу документтериңизди PDF форматында тиркеп жөнөтүңүз.

Эске алыңыз: Документтер толугу менен туура жана талаптарга ылайык даярдалышы керек. Толук эмес же туура эмес даярдалган материалдар кароого алынбайт. 

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номерлер:

Лицензия боюнча-0 (312) 31 29 77

Сертификат боюнча-0 (312) 61 39 60