Кыргыз
Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун
Ак-Суу районунда “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу
аземине катышты.
Иш-чаранын алдында конокторго видеоролик жана театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров өз сөзүндө “Ала-Тоо Резорт”- жөн гана комплекс эмес, улуттук экономикабыздын көтөрүлүшүнө олуттуу салым кошо турган, элдин турмушуна жаңы дем болуучу, дүйнө жүзүнө кыргыз жеринин табиятын таанытып, ата мурасын даңазалай турган ири долбоор экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы долбоор төрт мезгилде тең иштей турган, эл аралык стандарттарга жооп берген, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланарына ишеним билдирди. Биринчи этапта ал Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыйт жана азырынча негизинен Ысык-Көл өрөөнүнүн тургундарына белгилүү. Бирок келечекте, ишке ашырылышына жараша, “Ала-Тоо Резорт” дүйнөлүк маанидеги туристтик багытка айланат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төргасы Адылбек Касымалиев, Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев ири комплекстин курулуш иштеринин жүрүшү Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөөрүн билдирди.
Белгилей кетсек,
“Ала-Тоо Резорт” комплексинин эскиздик долбоору толугу менен Курулуш
министрлиги тарабынан иштелип чыкты.