Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Каракол шаарында "Кыргыз Автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл автобекети" филиалынын башкы имаратынын капиталдык оңдоо жана модернизациялоонун жыйынтыгы менен таанышты.
Буга чейин Мамлекет башчысы 2024-жылдын май айында Караколго болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 1988-жылы ишке киргизилген автовокзалды капиталдык оңдоодон өткөрүп, комплекстүү түрдө жаңылоону тапшырган.
Иш-чаранын алкагында Курулуш Министри Нурдан Орунтаев Президентке "Ысык-Көл автовокзалы" суткасына 500дөн 1000ге чейин жүргүнчүгө тейлөө көрсөтө аларын жана 76 каттам, анын ичинде 1 эл аралык, 16 облустар аралык, 17 облус ичиндеги шаарлар аралык, ошондой эле 42 шаар четиндеги жана райондук багыттар боюнча ташууларды камсыздай тургандыгын маалымдады.
Ошондой эле министр капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө чатыры алмаштырылганын, инженердик тармактар жаңыланып, ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланганын, жаңы терезелер жана эшиктер, LED-экран, трансляциялык түйүн орнотулганын, имараттын фасады жаңыланып, айланасы көрктөндүрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.
Президент Садыр Жапаров бардык иштер аяктагандан кийин
Каракол автовокзалы заманбап, функционалдуу жана аймактын калкын жана
конокторун тейлөөнүн жогорку стандарттарына жооп берген, ыңгайлуу транспорттук
түйүн болуп калат деген үмүтүн билдирди.