icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Кыргызстан айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстан айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген №31 О.Курбанбаев атындагы мектеп бүткөрүлдү.

Жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт. Билим ордо заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, конференц-зал, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары каралган.

Белгилей кетсек, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай болуп курулуп, кийин мектеп катары колдонулган. Ал эми 1985-жылы бала бакча багытындагы кошумча корпусу салынып, бирок окуучулар билим ала баштаган.